Куткарбай эле куурата жаздап... Кемпирди тоо арасынан алып чыккан видео

Жазылуу
Американын Аризона штатында 74 жаштагы кемпирди тик учак менен куткаруу иштери аз жерден трагедиялуу аяктап кала жаздады. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Тоого чыгып бара жатканда 74 жаштагы кемпир жаракат алып, аны куткарууга атайын тик учак жиберишкенин Fox10 телеканалы жазды. Аны алып кетиш үчүн атайын замбилге салып, аркан менен өйдө көтөрүшкөн. Тик учак абага көтөрүлөрү менен аял салынган замбил шамалдан улам чимирик атып айлана баштаган.

Бабушка с внуком упали в воду, но их удалось спасти — видео из Китая - Sputnik Кыргызстан
Сууга түшүп кеткен чоң эне менен неберени сактап калышты. Кытайда тартылган видео
Бул бир нече мүнөт токтоосуз кайталанып, куткаруучулар эптеп жолун таап, ал процессти жайлатып, кемпирди клиникага жеткиришкен.

Маалыматта көпкө чейин чимирилген кемпир кусуп, башы айланып, бир топ кыйналып, бирок акыры өзүнө келген.

Кийинчерээк замбилдин антип катуу ылдамдыкта тегеренип башташы аны көтөргөн механизмдин бузуктугунан улам болгондугун маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0