UFC Валентина Шевченконун боло турчу беттеши тууралуу трейлер чыгарды

Жазылуу
UFC уюму Валентина Шевченко менен Жессика Айдын боло турчу беттешин утурлай YouTube-каналына атайын видео чыгарды.

UFC представил промо-ролик боя Валентины Шевченко — в него вошли кадры из КР - Sputnik Кыргызстан
UFC Шевченконун проморолигин жарыялап, ага Кыргызстандагы кадрлар кошулду
Мушкер Шевченко өзүнүн чемпиондук титулун 8-9-июнда АКШнын Чикаго шаарында коргойт. Эки мушкер кыздын беттеши UFC 231 турниринин башкы беттештеринин бири болот.

Андан сырткары, турнирдин башкы беттешинде жеңил салмактагы Генри Сехудо бразилиялык Марлон Мораес менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, 2018-жылы 9-декабрда Валентина Шевченко жеңил салмак боюнча UFC уюмунун чемпиону титулуна польшалык Жоанна Енджейчикти утуп ээ болгон. Ошол эле маалда Жессика Ай каршылашы Катлин Чукагянды жеңген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0