Унаалар менен жолду каптаган сел. Ноокаттагы нөшөрдүн видеосу

Жазылуу
Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Гулистан, Зулпуев айыл аймактарында жана Ноокат шаарында сел жүргөн.

5-июнда кечке жуук жааган жамгырдан улам Ноокат районунун борбордук бөлүгүн сел каптады. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирип, видео жөнөттү.

Анда көчөдөн агып жаткан селди көрүүгө болот. Ошондой эле ал машина жүрүүчү жолду суу каптап, коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жараткан. Жөө жүргөн кишилер да суу кечип, көчөдөн кетип баратканы тартылып калган.

"Сел 17:00дөр чамасында башталып, бир заматта эле жолдорду каптап кетти. Айрым үйлөрдүн короосуна чейин кирип, эгин талааларын да жабыркатыптыр", — деди күбө.

Айылды аралаган сел, суу алдында калган короо-жай. Ноокатта тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Айылды аралаган сел, суу алдында калган короо-жай. Ноокатта тартылган видео
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, 5-июнда саат 14:30дар чамасында Ноокат районунун аймагында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Гулистан, Зулпуев айыл аймактарында жана Ноокат шаарында сел жүргөн.

Селдин кесепеттерин жоюу жумуштарына Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн курамы жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери тартылып, жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0