13:53 20 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7300
  • EUR78.0941
  • RUB1.0899
Видео

Аида Салянованын үч жашар кызы ыйлады. Соттун өкүмүнөн кийинки кадр

Кыскача шилтеме алуу
Батукаевдин ишинин жанданышы (35)
10924 0 0
© Sputnik / Эламан Карымшаков

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны 26-июнга чейин №1 СИЗОго камакка алды.

Соттун мындай өкүм чыгарганына нааразы болгон тарапташтары сот имаратынын алдын тосуп турган милиция кызматкерлерине атырылып, айрымдарына кол көтөрдү.

Андан сырткары, Салянованы алып бараткан автоунаанын алдын тосуп, аны чапкылашты.

Салянованын үч жашар кызы да ыйлап, аны көтөргөн кыздар эл жок жакка басып кетишти.

Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кечээ, 4-июнда, Салянованын баш коргоо чарасы каралары айтылып, бирок сот болбой калган.

Батукаевдин иши

2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган. Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган.

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Бул иштин алкагында ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Тема:
Батукаевдин ишинин жанданышы (35)

Тема боюнча

Салянованын камалганын уккан эл чуу көтөрүп, милиция менен кагышты. Видео
Аида Салянова камакка алынды
Белгилер:
Азиз Батукаев, сот, Аида Салянова

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ