Салянованын камалганын уккан эл чуу көтөрүп, милиция менен кагышты. Видео

Жазылуу
Соттун чечимине нааразы болгон Салянованын тарапташтары сот имаратынын алдын тосуп турган милиция кызматкерлерине атырылды.

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны 26-июнга чейин №1 СИЗОго камакка алды. Бул тууралуу жактоочусу Рабига Сыдыкова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Женщина ударила Манаса Арабаева сумкой по голове, тот отшатнулся — видео - Sputnik Кыргызстан
Соттон чыккан Арабаевди жаалданган аял сумка менен башка чапты. Видео
Соттун мындай өкүм чыгарганына нааразы болгон тарапташтары Салянованы салып бараткан унаанын астын тосууга аракет кылышты. Айрымдары унааны чапкылап, кыйкырышты. Унаа кетип калгандан кийин эл ачык калган дарбаза менен сот имаратын көздөй чуркашты. Аларды милиция кызматкерлери кармап, артка кайтарып жаткан. Ошол маалда аялдардын бири "мени милиционер бетке чапты" деп кыйкырды. Мындан улам чогулгандар укук коргоо органдарына атырылып, кагыша кетишти. 

Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кечээ, 4-июнда, Салянованын баш коргоо чарасы каралары айтылып, бирок сот болбой калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0