07:28 23 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7961
  • EUR77.4597
  • RUB1.0636
Видео

Аида Салянова сотко алынып келди. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Батукаевдин ишинин жанданышы (46)
10507 0 0
© Sputnik / Нурис Алымбаев

Анын баш коргоо чарасы бүгүн каралат.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова атайын кызматтын өкүлдөрүнүн коштоосунда Биринчи Май райондук сотуна алынып келди. Аны сот имаратынын алдынан жактоочулары тосуп алып, "Акталсын!" деп кыйкырышты.

Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кечээ, 4-июнда, Салянованын баш коргоо чарасы каралары айтылып, бирок сот болбой калган.

Батукаевдин иши

2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган. Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Бул иштин алкагында ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Тема:
Батукаевдин ишинин жанданышы (46)

Тема боюнча

Кудум кинодогудай! Журналисттердин курчоосунда калган Арабаевдин видеосу
Шыкмаматов Аида Саляновага каршы ким көрсөтмө бергенин айтты
Адвокат: Аида Салянова убактылуу кармоо жайына киргизилди
Экс-депутат: Салянованын баш коргоо чарасы эртең каралышы мүмкүн
Белгилер:
кылмыш иши, Азиз Батукаев, Биринчи Май райондук соту, Аида Салянова

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ