22:47 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Видео

Майда шагылга көмүлүп. Иллюзионисттин чочуткан видеосу

Кыскача шилтеме алуу
480 0 0

Британияда элге кеңири болуп калган шоулардын биринде Жонатан Гудвин аттуу катышуучу калыстар тобу менен көрүүчүлөрдү бир эсе чочутса, бир эсе таң калтырды. Бул туурасында Metro жазды.

Ал сахнада илинип турган айнек кутучанын ичине кирип отургандан соң башынан ылдый майда шагыл куюлуп, кадимкидей эле көмүлүп калган. Бир нече секундга чейин тымтырс болуп, кабарсыз турган. Сахнанын четинде турган куткаруучулар төрт чарчы айнекке жакындап келип, Жонатан Гудвинди куткарып алууга даярданып калганда анын колдору көрүнө баштаган. Бул учурда көрүп отургандар дуу дей түшкөндүгүн байкоого болот.

Гудвин ага удаа эле шагылдын арасынан суурулуп чыга келген.

Калыстардын бири Алиша Диксон (Alesha Dixon) иллюзиончунун бул кадамын болуп көрбөгөндөй өзгөчө деп атады.

"Муну тынч туруп чыдап көрүүгө мүмкүн эмес. Сен кезектеги Дэвид Блейн болосуң", — деген ал.

Дагы бир калыс Аманда Холден ага ар бир ирмемдер жаккандыгын айткан.

"Контейнерде көпкө чейин отурду, анын тумчугуп калбаганына таң бердим!", — деген Twitter колдонуучулардын бири.

Дагы бири анын тирүү калгандыгына ишенип-ишенбей кеткендигин жазган.

"Түз эфирде өлүп калды го деп ойлогом", — деген экинчи бири.

Видеонун астына жазылган комментарийлердин бардыгы дээрлик таң калган маанайда болгон.

Тема боюнча

Фокус көрүп, боору калбай күлгөн маймылдын видеосу соцтармакты да күлкүгө салды
Белгилер:
иллюзионист, шагыл, калыстар тобу, Улуу Британия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ