"Кант" авиабазасы элди Орозо айт майрамы менен куттуктады. Видео

Жазылуу
Кыргызстанда бүгүн, 5-июнда, Орозо айт белгиленүүдө.

ЖККУнун "Кант" авиабазасынын штаб жетекчиси Денис Сафонов кыргызстандыктарды Орозо айты менен кыргыз тилинде куттуктады.

"Чын дилибизден бакыт-таалай, ден соолук, сабырдуулук каалайбыз. Сый-урматка бөлөнүп, ар бир үйдө кубаныч, тынчтык өкүм сүрсүн. Ыйык Орозо айт майрамыңыздар кут болсун", — деп айтылат куттуктоодо.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 5-июнда, Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Быйыл Орозо 6-майда башталып, 4-июнда аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0