Соттон чыккан Арабаевди жаалданган аял сумка менен башка чапты. Видео

Жазылуу
Ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына бир айга камалды.

Президент аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен УКМКнын убактылуу кармоо жайына бир айга киргизилди.

Ал сот залынан чыгып келе жатканда журналисттер суроолорду берип, жооп алууга аракет кылышты. Бирок Арабаев эч кандай түшүндүрмө берген жок.

Депутат ЖК 6 созыва Алмамбет Шыкмаматов  - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов Аида Саляновага каршы ким көрсөтмө бергенин айтты
Залда отурган кишилер "Наалат!" деп кыйкырып, бирөөсү ийин тарапка чапса, экинчиси колундагы сумкасы менен башка чапты. Окуянын видеосун Kaktus media порталынын кабарчысы тартып алган.

Арабаев УКМКнын өкүлдөрүнүн коштоосунда сот имаратынын алдында турган атайын кызматтын автоунаасы менен кетти.

Арабаев 2-июнда кармалып, коррупция беренеси боюнча айыпталууда. Бүгүн Биринчи Май райондук сотуна баш коргоо чарасын кароо үчүн алынып келген.

УКМК тараткан маалымат боюнча Арабаев, чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы айтылууда.

Сотко чейинки тергөө иштери учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, "Коррупция" беренеси менен Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Эске салсак, Манас Арабаев ээлеген кызматынан 2018-жылы 15-майда бошотулган.

Учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президенттин аппаратындагы Манас Арабаев соттор үчүн кудайдай эле болуп калганын айтып, сынга алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0