Кудум кинодогудай! Журналисттердин курчоосунда калган Арабаевдин видеосу

Жазылуу
Арабаев коррупция беренеси боюнча айыпталууда.

Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен УКМКнын убактылуу кармоо жайына бир айга киргизилди. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Ал сот залынан чыгып келе жатканда жоон топ журналисттер суроо берип, жооп алууга аракет кылышты. Бирок Арабаев үн катпастан сот имаратынын алдында турган атайын кызматтын автоунаасына отуруп кетти. Анын жактоочусу да журналисттердин суроолоруна оң жооп бербей, машинасы менен кетип калды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев "Матраимовдордун изи" тууралуу фактыларды текшерүүнү тапшырды
Арабаев 2-июнда кармалып, коррупция беренеси боюнча айыпталууда. Бүгүн Биринчи Май райондук сотуна баш коргоо чарасын кароо үчүн алып келинген.

УКМК тараткан маалымат боюнча, Арабаев чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы айтылууда.

Сотко чейинки тергөө иштери учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, "Коррупция" беренеси менен Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Эске салсак, Манас Арабаев ээлеген кызматынан 2018-жылы 15-майда бошотулган.

Учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президенттин аппаратындагы Манас Арабаев соттор үчүн кудайдай эле болуп калганын айтып, сынга алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0