Депутат Мамашова эмчектеги уулун уктатып коюп балдар үйүн сырдады. Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын "Эл арасында" долбоору бул ирет Бишкек шаарындагы балдар үйүнө барды. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова катышып, журналист Эламан Карымшаков менен биргеликте мекеменин ойноо аянтчасын сырдады.

Айсулуу Мамашова эң жаш депутат, парламентке 28 жашында келген. Кыргызстандагы белгилүү ишкер Турусбек Мамашовдун кызы. Эл өкүлү жаш энелердин да катарын толуктайт, бүгүнкү долбоорго ымыркайы түшкө маал уктап жаткан учурда келип, катышып кетти.

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстандын "Эл арасында" долбоору бул ирет Бишкек шаарындагы балдар үйүндө ишке ашты
Депутат Мамашова эмчектеги уулун уктатып коюп балдар үйүн сырдады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын "Эл арасында" долбоору бул ирет Бишкек шаарындагы балдар үйүндө ишке ашты

Мамашова парламентке келгенден кийин бүлө куруп, депутат эле эмес, "жубай", "эне" деген статуска да ээ болду. Учурда улуу кызы эки жашта, кичүү уулу эки айлык. Жолдошу финансист, Бишкектеги банктардын биринде эмгектенет. Ал болочок күйөөсү менен шайлоо учурунда таанышкан экен.

"Бир жолу үй-бүлөбүз менен дайым кайрылып турчу дарыгер эжебизге барсам, "бир жигит бар, таанышып көрбөйсүңбү? Мен кепилдик берем, ал сага сөзсүз жагат" деп калды. Анча көңүлдөнгөн эмесмин, эми эжебиз таарынып калбасын деп макул болгом. Биринчи жолугушуубуз өзгөчө өттү. Өзүм ресторан иштеткеним менен андай жайда отурганды жактыра бербейм. Кафеге баралы дегенде баш тартып, кечинде "Ала-Тоо" аянтына келип көк паровозго түштүк. Сүрөт галереясындагы караокеге да барып, "Жамгыр төктүнү" ушундай ырдадык дейсиз... Ал убакта Москвада иштечү, мени унутуп калбасын дегенби, жума сайын досторунан гүл жиберип турчу. Баш кошкондон кийин Бишкекке келди", — деп жылмаюу менен айтып берди депутат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин эң жаш депутаты Айсулуу Мамашова журналист Эламан Карымшаков менен биргеликте балдар үйүнүн ойноо аянтчасын сырдады
Депутат Мамашова эмчектеги уулун уктатып коюп балдар үйүн сырдады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин эң жаш депутаты Айсулуу Мамашова журналист Эламан Карымшаков менен биргеликте балдар үйүнүн ойноо аянтчасын сырдады

Ал кийинки жолугушуулары да жөнөкөй жайда өткөнүн кошумчалады. 1-январь күнү кокусунан Бек Борбиевдин концертине кирип калып, биринчи жолу анын ырларын угуп жыргап чыгышканын айтат.

Иш ортолоп калганда депутаттык жашоосу тууралуу сураганбызда, дароо эле тойлор жана социалдык тармакта айтылган сындар тууралуу айтып берди.

Депутат Сурабалдиева карылар үйүнүн дарбазасын жууп, сырдап чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Депутат Сурабалдиева карылар үйүнүн дарбазасын жууп, сырдап чыкты. Видео
"Свадебный генерал" болуп калат экенсиң. Тойго чакыра беришет, чакыра беришет. Баарына жетишпейсиң, эми тойдон башка да жашоо бар да, анын үстүнө балдар менен бир жакка чыгыш кыйын. Ошондуктан чектөө киргизип, таптакыр эле барбай калдым. Депутат болгондон кийин эл да башкача көз караш менен карап, көп сын айтат экен. Өзгөчө "Айсулуу Мамашова көз жарды" деген жаңылык чыкканда жазган комментарийлерди көрүп аябай ызалангам. Эмнеге адамды билбей туруп сындай беришет дедим. Азыр бир өкүнгөнүм, өзүмдүн социалдык баракчамды ачып жасаган иштеримди жарыялаган эмесмин. Негизи өзүмдү пиарлаганды жактырчу эмес элем. Баары бир соцтармак керек экен", — деди эл өкүлү.

Мамашова "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде алдыңкы сапка илинип, жаштардын жана аялдардын квотасы менен парламентке келген. Ал шайлоо учурунда көп каражат коротконун билдирип, бирок так суммасын айтуудан карманып койду.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Айсулуу Мамашова с журналистом Эламаном Карымшаковым покрасили игровую площадку детского дома в рамках проекта Sputnik Кыргызстан "Слуга народа"
Эл өкүлү жаш энелердин да катарын толуктайт, улуу кызы эки жашта болсо, кичүү уулу эки айлык - Sputnik Кыргызстан
1/4
Эл өкүлү жаш энелердин да катарын толуктайт, улуу кызы эки жашта болсо, кичүү уулу эки айлык
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Айсулуу Мамашова с журналистом Эламаном Карымшаковым покрасили игровую площадку детского дома в рамках проекта Sputnik Кыргызстан "Слуга народа"
Мамашова маек учурунда кантип шайланганы жана депутаттык жашоосу тууралуу да айтып берди - Sputnik Кыргызстан
2/4
Мамашова маек учурунда кантип шайланганы жана депутаттык жашоосу тууралуу да айтып берди
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Айсулуу Мамашова с журналистом Эламаном Карымшаковым покрасили игровую площадку детского дома в рамках проекта Sputnik Кыргызстан "Слуга народа"
Ал парламентке келгенден кийин турмушка чыгып жубай, эне деген статуска ээ болду - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ал парламентке келгенден кийин турмушка чыгып "жубай", "эне" деген статуска ээ болду
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Айсулуу Мамашова с журналистом Эламаном Карымшаковым покрасили игровую площадку детского дома в рамках проекта Sputnik Кыргызстан "Слуга народа"
Айсулуу Мамашова 31 жашта, белгилүү ишкер Турусбек Мамашовдун кызы - Sputnik Кыргызстан
4/4
Айсулуу Мамашова 31 жашта, белгилүү ишкер Турусбек Мамашовдун кызы
1/4
Эл өкүлү жаш энелердин да катарын толуктайт, улуу кызы эки жашта болсо, кичүү уулу эки айлык
2/4
Мамашова маек учурунда кантип шайланганы жана депутаттык жашоосу тууралуу да айтып берди
3/4
Ал парламентке келгенден кийин турмушка чыгып "жубай", "эне" деген статуска ээ болду
4/4
Айсулуу Мамашова 31 жашта, белгилүү ишкер Турусбек Мамашовдун кызы

"Дайыма "шайлоого катышуу үчүн акча керекпи?" деп сурашат. Ооба, сөзсүз түрдө керек. Анткени шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууга, жарнама, пиар компанияларын иштетүүгө каражат талап кылынат. Мынча акча сарптадым деп айта албайм, көп эле кетти. Бирок акчасы жок жаштар деле депутат боло алат. Менимче, Эламан, сиз бир партияга талапкерлигиңизди сунуштаңыз, өтүп кетесиз. Балким, кийинки чакырылышка Жанардай (Акаев — ред.) болуп келесиз. Бизге сиздей жаштар керек", — деди Мамашова.

Депутаттын балдар үйүнө барып иш кылышы да жөн жерден эмес. Өзү жаш эне болгондуктан балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө аракет кылат. Учурда алиментти көбүрөөк суммада төлөтө турган мыйзам долбоорун даярдап жатыптыр.

"Жылдан жылга ажырашуулар көбөйүүдө. Бул учурда ата-энелердин көбү алимент төлөгүсү келбейт экен. Кирешесине жараша эесептегенде 300-500 сом да алимент төлөшүүдө. Азыр мыйзам жазып, минималдуу алименттин көлөмүн 1800 сомго жеткирүүнү көздөп жатабыз. Бул сумма бала чоңойгон сайын өсө берет. Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 42 миңден ашуун адам алимент төлөбөйт экен. Бизде көбүнчө байлар алименттен качып жүрөт. Бул мыйзам өтпөй калышы да мүмкүн деп жатышат. Себеби депутаттардын көбү эркектер да, колдобой коюшу ыктымал", — деди Мамашова.

Депутат бала кезинде апасынын кыялын орундатуу үчүн жети жыл музыка мектебине барып фортепиано ойногонду үйрөнгөн. Бирок апасынан айрылгандан кийин кызыгы кетип калганын айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековМамашова: апам үчүн фортепиано ойногонду үйрөнгөм. Анын көзү өткөндөн кийин токтоттум
Депутат Мамашова эмчектеги уулун уктатып коюп балдар үйүн сырдады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Мамашова: апам үчүн фортепиано ойногонду үйрөнгөм. Анын көзү өткөндөн кийин токтоттум

"Апам жаш кезинде фортепиано ойносом деп кыяданчу экен. Бирок өзү көп бир тууган эле, аспап сатып алууга, үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болбоптур. Кийин мени окуткан, апамдын көңүлүн оорутпайын деп жети жыл барып жүрдүм. Бирок андан айрылгандан кийин пианиного такыр отурбай койдум. Анткени мен апам үчүн гана ойночумун. Маанайы чөгүп же өзүн жаман сезсе пианино чертип берчи деп суранаар эле. Апам жок болгондон кийин фортепианонун деле кереги жок болуп калды. Бирок бизге атам ата да, апа да болуп берди. Ал башкача, укмуш эмгекчил, эс алуу дегенди такыр билбейт. Азыр кийинки турмушунан иним, сиңдим бар. Ата-энең жаныңда болсо эркелегиң келе берет. Үйүнө барганда узун кезек түзүлүп, биринчи неберелерин жөнөтүп, анан сиңдим экөөбүз барып кучактап отуруп калабыз", — деп сезимдери менен бөлүштү.

© Sputnik / Табылды КадырбековСоңунда ал "Эл арасында" рубрикасына чыгуу кезегин фракциялаш кесиптеши Садык Шер-Ниязга узатты
Депутат Мамашова эмчектеги уулун уктатып коюп балдар үйүн сырдады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Соңунда ал "Эл арасында" рубрикасына чыгуу кезегин фракциялаш кесиптеши Садык Шер-Ниязга узатты

Айсулуу Мамашова маек курганча эки саат иштеди. Албетте, ойноо аянтчасынын баарын сырдап бүтө алган жок. Мындан улам ишти чала таштабайын деп эртеси жардамчыларын жөнөтүп, толугу менен сырдатып берди.

Соңунда ал эл арасына чыгуу кезегин фракциялаш кесиптеши Садык Шер-Ниязга узатты. Өзү болсо кезекти депутат Элвира Сурабалдиевадан алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0