Бишкекте окуучунун өмүрүн алган мушташтын видеосу. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары окуя болгон №48 мектеп-гимназияга барып келишти. Мектептин мугалимдери окуянын чоо-жайын айтып, көзөмөл камерасына түшүп калган видеону көрсөтүштү.

Окуя 28-майда болгон. Шаардык милициянын берген расмий маалыматына ылайык, түнкү саат 00:20лар чамасында балдардын шаардык клиникалык ооруканасына денесинен түрдүү жаракаттарды алган окуучу түшкөн. Ал №48 мектептин окуучулары менен болгон мушташта жаракат алган. Окуучу эртең менен каза болгон.

Аталган факты жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 139-беренеси (Саламаттыкка олуттуу зыян келтирүү) боюнча териштирүү иштери башталган.

Мектептегилер эмне дейт?

№48 мектептин директору Татьяна Роткина саламаттыгына байланыштуу кыска эргүүгө чыккандыктан, окуя тууралуу тарбия иштери боюнча завуч Мила Бойко айтып берди. Ал окуучулар ортосунда түшүнбөстүк 27-майда сабактан кийин, саат 20:11де чыкканына токтолду.

Адамды сабап жаткан эркек киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылдашын тамеки үчүн өлтүрө сабаган. Нарындагы чуулуу окуя
Видеокөзөмөлгө түшүп калган тасмада сабактан кийин бир нече окуучу мектептин кире беришинен өтүп кеткенин көрүүгө болот. Ал эми чуркай турчу тилкеде эки баланын кармаша кеткенин, алардын жанына бир нечесинин чуркап барганы тартылып калган.

Завучтун айтымында, бала үйүнө саат 22:00дөр чамасында келип, ата-энеси тез жардамды чакыртышкан. Бала өгөй атасы менен чогуу Балдардын шаардык клиникалык ооруканасына келген. Саат болжол менен 23:00дө ал классташтарына рентгенге түшүү үчүн кезек күтүп турганын жана башы ооруп жатканын айтып, видео жөнөткөн.

Түндө дарыгерлер бала оорукана келип түшкөнү боюнча милицияга кабар беришкен. Ал каза болгону тууралуу эртең менен белгилүү болгон.

"Балдардын үчүнчү ооруканасына бизди эмес апасын да киргизбей койду. Эмне үчүн сопсоо бала каза болгонун сурадык. Эмнеге баланын мээси жабыркаганына жана атасын кетирип жибергенине кызыктык. Дарыгерлер мээсине кан уюп калганын айтышты. Эмне үчүн МРТга тартышпаганын сураганымда, клиникалык шектенүүлөр болбогонун билдиришти", — деди Бойко.

Завуч өз сөзүндө маркум окуучунун энеси сурангандыктан окуя боюнча алгач түшүндүрмө бергиси келишпегенин, бирок бул нерсеге мектептин жетекчилигин күнөөлөп баштаганда ЖМКга болгонун болгондой айтууну чечишкенин кошумчалады. Ал, ошондой эле, баланын апасы мектепке эч кандай дооматы жок экенин жазып бергенин белгиледи.

Бойко эми алар убактылуу кармоо жайына киргизилген мушташка катышкан экинчи баланын тагдырына тынчсызданып жатканын жашырган жок.

Учурдагы абал

Автоинспектор ударил мужчину в Оше, но не признает это — видео - Sputnik Кыргызстан
Ошто автоинспектор жүргүнчүнү муштап, жулкулдатып... Жаңжалдын видеосу
Көзөмөлдөө органдары №48 мектеп-гимназияны текшерип жатышат. Аны менен катар мэриянын алдында атайын комиссия түзүлүп, алар каргашанын чоо-жайын иликтеп, мындан кийин мындай окуяларга жол бербөөгө аракет кылышат. Айрым жергиликтүү аткаминерлерге чаралар көрүлдү.  Атап айтканда, мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев, вице-мэр Татьяна Кузнецовага, билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрмановага сөгүш берүүнү сунуштады. Андан сырткары, №48 мектеп-гимназиянын директорун, Биринчи Май райондук милициясынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекторун жана аймактык милиция кызматкерин ээлеген кызмат ордуна шайкеш келүүсүн карап чыгуу керектигин айтты.

Ал ортодо мектептеги окуучулардын ата-энелери директор Татьяна Роткина менен РИИБдин өспүрүмдөр иши боюнча инспектору Алмаш Бекбоеваны коргоп чыгышты. Алар кол чогултуп, аны шаар бийлигине жиберүүгө камынышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0