Бишкекте жарылуу болгон жердин асмандан көрүнүшү. Видео

Жазылуу
Кырсык 3-июнда эртең менен болуп, төрт киши жаракат алды.

Окуя саат 8:45тер чамасында болуп, Панфилов көчөсүнүн Лев Толстой менен темир жолдун ортосундагы бөлүгүндө жайгашкан казан меш жарылган.

"Кыргыз темир жолу" Мамлекеттик компаниясы" ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенко суу ысыткан 40 тонналык казан меш жарылганын айтып берди.

"Төрт киши — күзөтчү менен жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын үч кызматкери жаракат алды. Цехтин терезелери сынган. Жарылуу бир нече себептен болушу мүмкүн, аны комиссия териштирет", — деди Лиличенко.

Окуя болгон жерди милиционерлер, Транспорт прокуратурасынын кызматкерлери карашты. Мамлекеттик экотехникалык инспекциясынын адистери да келе турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0