Казакстанда шамал батутту учуруп, балдарды басып калды. Видео

Жазылуу
Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.

Казакстандын Костанай шаарында катуу шамал батутту учуруп, балдарды басып калганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

В Китае торнадо унес батут, пострадали 18 детей — видео - Sputnik Кыргызстан
Батутту балдар менен кошо шамал учуруп... Кытайдагы окуянын видеосу
Ага ылайык, кырсык 31-майда кечки саат тогуздар чамасында болгон.

Батут Жеңиштин 25 жылдыгы атындагы паркка коюлган. Катуу шамал башталган учурда батуттун ээлери анын желин чыгарып жыйноого аракет кылган. Бирок шамал батутту учуруп, ал жакын жерде турган балдардын үстүнө түшкөн.

Кырсык болгон учурда батуттун ичинде эч ким болгон эмес, жабыркагандар жок.

Казакстанда буга чейин да дал ушундай окуя болуп, андан бир бала каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0