Кытайда жолдо баратып эле "жоголуп" кеткен унаалар. Видео

Жазылуу
Иллюзиянын сырын интернет колдонуучулардын бири таба алды.

Социалдык тармактын колдонуучуларын Кытайдагы автоунаа жолундагы оптикалык иллюзия таңыркатты. Өзгөчө видеону Reddit порталынын окурмандарынын бири жарыялаган.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канада премьеринин "түшүп калган" кашы соцтармакты күлкүгө салды
Кадрдан унаалар тосмо конструкцияга бурулгандан кийин "жок болуп" кеткенин көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары иллюзия "Гарри Поттер" тасмасындагы Хогвартс сарайынын кош дүйнөсүн эске салганын жазышты.

Өзгөчө иллюзиянын сырын соцтармак колдонуучуларынын бири ачты. Көрсө, жолго жакын жайгашкан имараттын чатырынан улам ушундай көрүнүш жаралыптыр. Тагыраагы, автор видеону тартып жатканда чатыр жалпы көрүнүштү жарым-жартылай жаап калган. Муну түшүндүрүү үчүн колдонуучу анимациялык видео дагы тарткан.

Ролик Reddit сайтында 40 миң ирет көрүлсө, Twitter тармагында 15 миң ирет бөлүшүлүп, 30 миң "лайк" алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0