Чемпиондор лигасынын гимни комуз менен ооз комуздун коштоосунда жаңырды. Видео

Жазылуу
"Мурас" ансамбли кыргыз музыкалык аспаптары менен Чемпиондор лигасынын гимнин аткарышкан.

Аталган видео ансамблдин солисти Айсана Оморованын Youtube каналына жарыяланды.

Футбол боюнча европалык турнирдин ар бир оюнунун башында салт катары коюлган гимн бул ирет башкача аткарылган. Гимн комуз, ооз комуз, скрипка, домбуранын коштоосунда жаңырып, видео футбол күйөрмандарын да кайдыгер калтырган эмес.

Негизи гимндин түп нускасы төмөнкүдөй.

Эске салсак, 1-июнь күнү Чемпиондор лигасынын финалында "Ливерпуль" жана "Тоттэнхем" командалары Мадрид шаарында беттешет. Кыргызстандыктар мелдешти 2-июнга караган түнү көрө алышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0