Министр болчу Чодуевдин Жээнбековдун кудасы менен жакындыгы барбы? Жооп видеодо

Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда "Чодуев Жогорку Кеңештин депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин кудасы экен" деген маанидеги маалыматтар тараган.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына талапкер катары сунушталып жаткан Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев менен тууганчылык байланышы бары-жогу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Открытие логистического центра в Кеминском районе - Sputnik Кыргызстан
Министр болчу Чодуев картошка көйгөйүн кантип чечерин айтты
Эске салсак, кечээ, 28-майда, премьер-министр Абылгазиев өкмөттө бош калган министрлик кызматтарга талапкерлерди сунуштаган. Алардын арасында учурдагы министрдин орун басары Эркинбек Чодуев бар болчу.

Көп өтпөй социалдык тармактарда "Чодуев Жогорку Кеңештин депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин кудасы экен" деген маанидеги маалыматтар тараган

Мындай пикирлерге чекит коюу үчүн талапкер коомчулукка жооп берди. Ведомствонун маалымат кызматы таратып берген видеодо ал эл өкүлү менен туугандык жайы жок экенин айтат.

"Алиярбек Абжалиев менен жакындыгым жок. Мен аны Жогорку Кеңештин депутаты катары гана тааныйм", — деди ал.

Ошондой эле Чодуев айыл чарба тармагын көтөрүүгө программасы бар экенин жана өкмөт башчынын ишенимин актоого болгон аракетин жумшай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0