Кытайда балдар турган сахна түшүп кетип, бир бөбөк көз жумду. Жүрөк ооруткан видео

Жазылуу
Маданий иш-чара болуп жаткан учурда жүздөгөн бала турган сахнанын бир бөлүгү түшүп кетти.

Жергиликтүү South China Morning Post гезитинин маалыматына караганда, кырсык өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Чжанчжоу шаарында болгон.

Ош облусуна караштуу Араван районунда болгон жол кырсыктан эки киши менен наристе каза тапты - Sputnik Кыргызстан
Ош — Араван трассасындагы кырсыктан эки киши менен наристе каза тапты. Сүрөт
Сахна урап түшкөн учурда кичинекей артисттер сүрөткө түшүү үчүн тизилип жатышкан.

Окуя болору менен кулагандарга жардам берүү үчүн эл чуркап чыккан. Бирок наристелердин бирин аман алып калууга мүмкүн болгон жок. Жалпысынан ооруканага 20 бала түшсө, алардын 14ү оор жаракат алгандар болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, сахна адамдын көптүгүн көтөрө албай калган. Кийин уюштуруучулардын бири ал мурда эле эскилиги жетип турганын мойнуна алган.

Полиция иликтөө иштерин баштап, иш-чаранын жүрүшүнө жоопкер бир нече кишини кармады.

Жаңылыктар түрмөгү
0