Депутат Сурабалдиева карылар үйүнүн дарбазасын жууп, сырдап чыкты. Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Эл арасында" долбоорун бул сапар карылар үйүнө барып тартты. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева катышты. Ал журналист Эламан Карымшаков менен бирге бул жайдын дарбазасын жууп, сырдап бермекчи.

Парламентте шакылдап сүйлөгөн депутат кара жумушту да катыра жасаганды билеби? Колуна кир чүпүрөк кармап, бетине боёк чачыраса да чыдай алабы? Муну көрүүгө кызыгып жатсаңыз, анда видеого көз чаптырыңыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik агенттигинин "Эл арасында" долбооруна бул сапар Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева катышты
Депутат Сурабалдиева карылар үйүнүн дарбазасын жууп, сырдап чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Sputnik агенттигинин "Эл арасында" долбооруна бул сапар Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева катышты

Адаттагыдай эле Сурабалдиева менен да иш үстүндө баарлашып, кызыктуу маек курдук. Кандай суроо болбосун ачык-айкын, тамаша аралаштырып жооп берип турду.

Эл өкүлү парламентте орчундуу маселелерди көтөрүп, өкмөткө маал-маалы менен сын айтып турат. Мындан улам андан өкмөттү башкарууга дарамети жетер-жетпесин сурадык. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков VЭл өкүлү карылар үйүнө барып дарбазасын жууп-тазалап, сырдап чыкты
Депутат Сурабалдиева карылар үйүнүн дарбазасын жууп, сырдап чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү карылар үйүнө барып дарбазасын жууп-тазалап, сырдап чыкты

"Өкмөттү башкарууга да тажрыйба керек. Facebook тармагынан 500 лайк алып же бирөө мактап "жакшы сүйлөйт, бизге күйөт экен, ушуну премьер-министр кылыш керек" деп койсо демигип чыгуу туура эмес. Элибиз да жөнөкөй, ишенчээк келет", — деди депутат.

Элвира Сурабалдиева 2005-жылы атасы киши колдуу болгондон кийин бүт бизнеси мойнуна жүктөлүп, 26 жашында Бишкектеги унаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарын башкарып калган. Бир министрликти жетектөө боюнча берген суроого ушуну мисал келтирүү менен жооп берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламентте шакылдап сүйлөгөн депутат кара жумушту да катыра жасаганды билеби?
Парламентте шакылдап сүйлөгөн депутат кара жумушту да катыра жасаганды билеби? - Sputnik Кыргызстан
1/5
Парламентте шакылдап сүйлөгөн депутат кара жумушту да катыра жасаганды билеби?
© Sputnik / Табылды КадырбековДарбаза чаң болгондуктан алгач чүпүрөк менен аарчып тазалап алдык
Дарбаза чаң болгондуктан алгач чүпүрөк менен аарчып тазалап алдык - Sputnik Кыргызстан
2/5
Дарбаза чаң болгондуктан алгач чүпүрөк менен аарчып тазалап алдык
© Sputnik / Табылды КадырбековСурабалдиевага кандай суроо бербе, ачык-айкын, кээде тамаша аралаштырып жооп берип турду
Сурабалдиевага кандай суроо бербе, ачык-айкын, кээде тамаша аралаштырып жооп берип турду - Sputnik Кыргызстан
3/5
Сурабалдиевага кандай суроо бербе, ачык-айкын, кээде тамаша аралаштырып жооп берип турду
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутаттан өкмөттү же министрликти башкарууга дарамети жетер-жетпесин сурадык
Депутаттан өкмөттү же министрликти башкарууга дарамети жетер-жетпесин сурадык - Sputnik Кыргызстан
4/5
Депутаттан өкмөттү же министрликти башкарууга дарамети жетер-жетпесин сурадык
© Sputnik / Табылды КадырбековЭл өкүлү менен журналист 2,5 саат иштеп, карылар үйүнүн дарбазасынын ичи-тышын сырдады
Эл өкүлү менен журналист 2,5 саат иштеп, карылар үйүнүн дарбазасынын ичи-тышын сырдады - Sputnik Кыргызстан
5/5
Эл өкүлү менен журналист 2,5 саат иштеп, карылар үйүнүн дарбазасынын ичи-тышын сырдады
1/5
Парламентте шакылдап сүйлөгөн депутат кара жумушту да катыра жасаганды билеби?
2/5
Дарбаза чаң болгондуктан алгач чүпүрөк менен аарчып тазалап алдык
3/5
Сурабалдиевага кандай суроо бербе, ачык-айкын, кээде тамаша аралаштырып жооп берип турду
4/5
Депутаттан өкмөттү же министрликти башкарууга дарамети жетер-жетпесин сурадык
5/5
Эл өкүлү менен журналист 2,5 саат иштеп, карылар үйүнүн дарбазасынын ичи-тышын сырдады

"Атам каза болгондо Англияда окуп жүргөн жеримен келип, анын бүт ишин мойнума алууга туура келди. Жүздөгөн адамды башкара аларыма ишенген эмесмин. Бирок аркалап кеттим. Негизи адам жасай албай турган жумуш жок да. Баарын алып кетсе болот. Эстонияда СССР тарагандан кийин 23-28 жаштагылар мамлекетти бутка тургузуп кетти. Алар эбак электрондук өкмөткө өтүшкөн, биздикилер "Түндүк" системасын ошолордон алып жатпайбы. 1,5 миллион калкы бар, биз менен салыштырып болбойт", — деди Сурабалдиева.

Ал базарды 9 жыл жетектеп жүрүп анан депутат болуп шайланган, учурда аны бир туугандары иштетет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлвира Сурабалдиева "Кудайберген" базарын 9 жыл жетектеп жүрүп анан депутат болуп шайланган, учурда базарды бир туугандары иштетет
Депутат Сурабалдиева карылар үйүнүн дарбазасын жууп, сырдап чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Элвира Сурабалдиева "Кудайберген" базарын 9 жыл жетектеп жүрүп анан депутат болуп шайланган, учурда базарды бир туугандары иштетет

"Тоодой болгон атамдан кийин кипкичинекей кыз келип жатса, "байдын эрке кызы эмнени кыйратмак эле" дегенсип жактырышкан эмес. Кышында 15-20 градус суук болот, бир куржунду мойнума асып алып миң контейнерди кыдырып ижара акысын чогултчумун. Башында таң калышчу, кийин көнүп калышты. Эл менен таанышып, базардын системасын түшүнүп кетүү кыйын болду. Бул бизнес башкача да. Эртең менен саат 6да чыгып кетип 23.00гө чейин жүрчүмүн. Азыр базарга барсам, эмне болуп жатканын бир карап эле түшүнүп алам", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле ал депутаттыкка келгенде бир топ таң калычтуу окуяларга күбө болгонун айтып, бизнесин коргош үчүн келген кесиптештери да бар экенин жашырган жок. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков TABAKADYRBEKOVVДепутатка саясаттан тышкары да суроо узаттык. Эгер көңүлүнө жаккан жигиттер аны менен таанышуудан тартынып жатса кандай кадамга барууга даяр экенин сурасак бир аз уялып кетти
Депутат Сурабалдиева карылар үйүнүн дарбазасын жууп, сырдап чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Депутатка саясаттан тышкары да суроо узаттык. Эгер көңүлүнө жаккан жигиттер аны менен таанышуудан тартынып жатса кандай кадамга барууга даяр экенин сурасак бир аз уялып кетти

"Эл үчүн" деп кыйкырып, микрофон өчкөндөн кийин башканы сүйлөгөндөрдү көрүп аябай таң калгам. Башында катуу сүйлөп, маселени казып баштасам, депутаттар мындай чыкканда "эмне кыласың антип, эртең шайлоодо сага колдоо көрсөтпөй коёт" деген таризде "кеңешин" айтышчу. Чынында үй-бүлөм да тынчсызданат, бирок унчукпай коё албайт экенсиң. Трибунада үн катпасаң, бизнесиңе эч ким тийбейт, мага окшоп сындасаң... Меникин эки ай мурда органдар президенттин атын жамынып текшеришти. Тоскоол кылбай, жыйынтыгын күттүм. Анан аппараттан сурасам, жалган болуп чыкты. Депутат боло электе да мени көрбөй калса башы ооруй тургансып келе берип чарчатышчу. Ошон үчүн да азыр көбүнчө ишкерлерге болушам", — деди эл өкүлү.

Соңунда Сурабалдиевага саясаттан тышкары да суроо узаттык. Ири бизнести аркалап, чоң кызматта жүргөн айымдан көп жигиттер айбыгып турушу мүмкүн. Эгер көңүлүнө жаккан жигиттер аны менен таанышуудан тартынып жатса кандай кадамга барууга даяр экенин сурасак, өңү кызарып, бир аз уялып кетти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАягында эл өкүлү карылардын абалын сурап, дасторкон жайып даам ооз тийгизди
Депутат Сурабалдиева карылар үйүнүн дарбазасын жууп, сырдап чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Аягында эл өкүлү карылардын абалын сурап, дасторкон жайып даам ооз тийгизди

"Менин мүнөзүм парламентке келгенде деле өзгөргөн жок. Эми ошентип тартынгандар болот. Бийлигин колдонуп тигинтип-минтип салат деп ойлойт окшойт. Ал эми кыздар өзү биринчи кадамды жасаш керек деген менин оюмча бир аз туура эмес. Билбейм, мен эскиче тарбия көргөм да. Балким, азыркы жаштар жигиттин артынан чуркашы мүмкүн. Эгер жактырсаң билдирүүнүн башка жолу деле бар да. Уялбаган мени уялтып койдуңар го", — деп жылмайды депутат.

Ал эми бир жакка барганда "жалгыз бойсузбу, жолдошуңуз жокпу?" деп сурагандарга ачык эле "ажырашкам" дейт экен. Тийишкендер болсо кээде орой сүйлөп кагып, көбүнчө тамаша сөзү менен кутулуп кетерин айтат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлвира Сурабалдиевага улгайган ата-апалар батасын берип, ишине ийгиликтерди каалашты
Депутат Сурабалдиева карылар үйүнүн дарбазасын жууп, сырдап чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Элвира Сурабалдиевага улгайган ата-апалар батасын берип, ишине ийгиликтерди каалашты

Депутат Элвира Сурабалдиева менен журналист Эламан Карымшаков 2,5 саат иштеп, карылар үйүнүн дарбазасынын ичи-тышын сырдады. Кийинки кезекти ал дагы бир жаш депутат Айсулуу Мамашовага узатты. Белгилей кетсек, Сурабалдиева кезекти кесиптеши Аида Исмаиловадан алган болчу.

Аягында эл өкүлү карылардын абалын сурап, дасторкон жайып даам ооз тийгизди. Алар менен да бир саамга чейин баарлашып отурду.

Жаңылыктар түрмөгү
0