Үч жигит Бишкектеги май куюучу жайды тоноп кетти. Карактоонун видеосу

Жазылуу
20-май күнү эртең менен белгисиз адамдар май куюу жайына куралчан кол салып, кассирди сабап, 7 500 сомун алып кетишкен.

Окуя таңкы 5.00дөр чамасында болуп, жерине дароо эле Бишкек ШИИБинин криминалдык милициясы менен Свердлов райондук милициясы барган.

"Көп өтпөй шектүү катары 19, 20 жана 21 жаштагы үч жаран кармалды. Алардын жашаган жерин тинтүүгө алганда карактоо учурунда пайдаланылган колго жасалган курал жана 21 ок табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаКармалган шектүүлөр
Үч жигит Бишкектеги май куюучу жайды тоноп кетти. Карактоонун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кармалган шектүүлөр

Шектелүүчүлөр мындай кадамга барышына "Супер арзан" дүкөнүнө болгон кол салуунун видеосу "дем" бергенин айткан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазыктар кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголду. Шектелүүчүлөр Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0