Ууруну бир коюп, энесин коргоп... Аргентинадагы 11 жаштагы кыздын окуясы видеодо

Жазылуу
Аргентинада 11 жаштагы кыз апасына мопедди уурдай качкысы келген уурудан кутулууга жардам берди. Окуя видеокөзөмөлгө түшүп калды.

Маленький мальчик спас себя и сестру от преступника — видео - Sputnik Кыргызстан
8 жашар бала кылмышкерден өзүн жана эжесин сактап калды. Видео
The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, окуя өткөн шаршемби күнү Буэнос-Айрес шаарында болгон.

Кадрларда көрүнүп тургандай, бейтааныш эркек жаңы эле токтогон мопеддин жанына барып, андагы аялды түртүп түшүрүүгө аракет кылат. Ошол учурда бери жакта тепкичте турган кызы артынан чуркап барып, ууруну бетке бир коёт. Андан соң эне-бала биргелешип тиги кишини ургулай баштайт. Мындайды күтпөгөн кылмышкердин качып кетүүдөн башка айласы калган эмес.

Полиция аны издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0