Улуу Британияда эгиз такай туулду. Видео

Жазылуу
Жаныбарлардын ээси 77 жаштагы Жон Стивенсон фермасында эгиз такай туулганына таң калганын айткан.

Улуу Британияда эгиз такай туулду. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, аталган өлкөдө мындай көрүнүш биринчи жолу катталып жатат.

Эгиз жаныбарларды Ронни жана Редж деп аташкан.

"Эшектин ээси 77 жаштагы Жон Стивенсон жаныбары Вайолет күтүүсүздөн эки такай тууганда таң калган. Анткени мындай учур аталган жаныбарлар арасында сейрек кездешет", — деп жазылат маалыматта.

​Стивенсон негизи эшек эгиз тууган учурда бир такайы алсыз болуп кийин өлүп каларын билдирип, бирок анын такайларынын экөө тең алдуу-күчтүү экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0