УКМК кызматкери пара менен кармалган видео

Жазылуу
Кармоо иштери 17-майда ишке ашкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк коопсуздук кызматы Аскер прокуратурасы менен биргеликте 50 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК кызматкерин кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кармоо иштери 17-майда ишке ашкан.

"Кармалган адам текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды. Бул факт КР Кылмыш жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизондук гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0