Депутат инаугурация учурунда Зеленский менен айтыша кетти. Видео

Жазылуу
Украинанын президенти Владимир Зеленский инаугурация учурунда Радикалдык партиянын лидери жана Жогорку Раданын депутаты Олег Ляшко менен айтыша кетти.

Зеленский сүйлөп жатып Донбасста тынчтык өкүм сүрүшү керектигин белгилеп, донбасстыктарга орус тилинде кайрылган. Мамлекет башчысы аймактын тургундары "өгөй" эместигин сезиши зарылдыгын кошумчалаган.

Бул учурда Ляшко президент орус тилинде сүйлөп жатканын сындап кыйкырган.

"Эл өкүлү Ляшко, байкашымча, элди экиге бөлүүнү улантып жатасыз. Паспорттогу жазуу украиналык экениңди көрсөтпөйт, кептин баары жүрөктөгү сезимде", — деди президент.

Инаугурация избранного президента Украины В. Зеленского - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке киришкен Зеленский Жогорку Раданы таратты
20-майда, дүйшөмбү күнү, эртең менен инаугурация салтанаты өттү. Зеленский украин элине ант берип, андан соң Конституциялык соттун башчысы анын кызматка киришкенин жар салды.

30-апрелде Украинанын БШКсы элдин 73,22 пайыз добушун алган Зеленский президенттик шайлоодо жеңишке жетишкенин билдирген. Ал эми Петр Порошенкону шайлоочулардын 24,45 пайызы колдоп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0