Оозунан от чача, жаалданып стадион ортосунда учкан ажыдаар. Кореядагы видео

Жазылуу
Кыйкырып, жаалданып, оозунан от чачып, аз жерден имаратты өрттөп жибере жаздаган ажыдаарды Кореядагы стадиондо отурган эл карап турду.

5G технологиясы менен жасалган бул жаныбар Түштүк Кореяда бейсбол боюнча өткөн чемпионаттын ачылышында көптөрдү таңгалдырды. Отургандар, басып жүргөндөр кадимки ажыдаарды көргөндөй таасирленип, жомок дүйнөгө баш баккан сымал толкунданган.

Московский зоопарк - Sputnik Кыргызстан
Шумкарлардын үй-бүлөсүнүн укмуш окуясы. Видео
Аны теледен көрүп жаткандар "Муну кантип жасашкан" деген суроо узатышкан.

Коментаторлордун бири анын жомоктогу окуядай болуп учушу 5G жана AR технологиялары менен кураштырылса керек деп боолгологон.

Чемпионаттын ачылышын көрөбүз деп стадионго келгендерге күтүүсүз окуя болгон. Канаттарын каккылаганы кадимкидей угулуп, ал тургай жини келгендей күркүрөп учуп жүргөн ажыдаар бир караганда тирүү сымал сезилип кеткен. Бул туурасында видео интернетке жарыялангандан кийин пикирлерде айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0