Төө-Ашуунун түбүндө автоунаанын күйүп жаткан видеосу

Жазылуу
Окуяга күбө болгон адам Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унаанын күйүп жаткан учурун тартып алган.

Пожар в кафе в парке Панфилова - Sputnik Кыргызстан
Түндө Панфилов паркында чыккан өрттөн экзотикалык жаныбарлар да күйдү. Видео
Окуя 15-майда болжол менен саат 19:30да Төө-Ашуунун Сосновка айылы тарабында болгон. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам кабарлады.

Кадрдан жалын жүк ташуучу автоунааны каптап, ал эми айланасындагы кишилердин өрттү өчүрүүгө аракеттенип жаткандыгын көрүүгө болот.

Видеого тарткан адам күйүп жаткан Howo үлгүсүндөгү автокөлүк экендигин айтты.

ӨКМдин маалымат кызматы автоунаанын өрттөнгөнү туурасында кабар айтылбагандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0