Вице-губернатор Трампты анын сүрөтү түшүрүлгөн байпак кийип тосуп алды. Видео

Жазылуу
Луизиана штатынын вице-губернатору Билли Нунгессер АКШ президенти Дональд Трампты анын элеси түшүрүлгөн байпак кийип тосуп алды.

Луизианага жумушчу сапары менен барган президент аткаминердин мындай тамашасына баа берип, жанында турган фотографтарга да көрсөтүүсүн суранган.

Байпактагы сүрөткө Трамптын "чач жасалгасы" түшүрүлгөн, аны тараса болот.

ABC News телеканалы маалымдагандай, "Дональд Трамп байпагы" деп аталган байпактар Amazon сайтында 27,49 доллардан сатылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0