11:58 24 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6659
  • EUR77.9039
  • RUB1.1035
Видео

Соода борбордогу автоунаа токтоткон жайдын алдын элчиликтин машинасы тороп алды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
281002
© видео очевидца, отправленное по Telegram-каналу

Окуя Bishkek Park соода борборунда 14-майда, саат 14:30дар чамасында болгон.

Окуянын видеосун күбө "Бишкек сегодня" Telegram-каналына жиберген. Анын айтымында, жол тандабас чет элдик элчиликтердин бирине таандык.

Видеодо машина токтотуучу жайдын кире беришин Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабас тороп турганын көрүүгө болот.

"Машина токтотуучу жайдын алды тосулуп калгандыктан 15тей автоунаа кезек күтүп калды. Айдоочулар күтүп жатып тажаганда, аны ордунан көтөрүп четке жылдырышты. Бир аздан кийин дипломат келип, соода борбордун кызматкерлерине үнүн өктөм чыгарып сүйлөп жаткан. Биз кетип калдык, андан ары эмне болгонун билбейм", — деди ал.

Кийин такталгандай, автоунаа Катардын элчилигине таандык болуп чыкты. Элчиликтин маалымат кызматы автоунаа дипломатка таандык экенин жана ал соода борборунун имаратында жашай турганын ырасташты. Автоунаа бузулуп калган.

Bishkek Park борборунун маалымат кызматы да автоунаа өчүп калганын билдиришти. Борбордун кызматкерлери атайын техника менен машинаны четке жылдырганча бир аз автотыгын пайда болуп калган.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз, сүрөт, видеону +996 706 566 544 номери аркылуу WhatsApp же Telegram каналына салсаңыз болот

Тема боюнча

Борбор калаада Matiz жолтандабаска урунуп оодарылып калды. Видео
Белгилер:
унаа, соода борбору, дипломатиялык ишмер, Бишкек, Кыргызстан, Катар

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ