Телефонго азгырылба, сабак оку! Өспүрүмдү көзөмөлдөгөн иттин видеосу

Жазылуу
Кытайда үй-бүлөнүн башчысы Сюй Лянь кадимки эле итти кызы Синьянын сабак окуганын көзөмөлдөп туруусун үйрөтүп койгон.

Видео интернет айдыңына тараган.

Волк дружит с собакой и живет с ней в одном вольере — видео из Китая - Sputnik Кыргызстан
Итке боор тарткан карышкыр. Кытайдагы видео
Бул жаныбар окуучунун телефонго же башка нерселерге алаксып кетүүсүн аңдып, көзүн албай тиктеп отурат.

Мындай ыкмага окуучу да көнүп, иттин көзөмөлүнө чычалабагандыгын көрүүгө болот. Фантуань аттуу ит аталган бүлөдө 2016-жылдан бери жашайт.

Кыздын телефонду кармалап же башкага алаксып кеткенин байкаса, Фантуань кадимкидей реакция кылат.

Синья итти жакшы көрөрүн, ал көзөмөлдөөчү гана эмес, кошо ойногон сүйүктүү жаныбары экендигин айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0