Жаалданган кабылан кыштакты аралай чуркап, кишиге кол салды. Индиядагы видео

Жазылуу
Кабылан аралап кеткен Индиядагы Саваркар Нагар кыштагы чуру-чууга түшүп, жашоочулардын кээ бири жырткычтан жабыркап кала жаздаган.

Жергиликтүү ЖМКлардын бири бул жума күндөгү окуя экенин айтышты. Жырткыч айылда эртең менен пайда болгон.

Кара кабылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Африкада 100 жылдан бери биринчи жолу кара кабыланды сүрөткө тартып алышты
Адистер келгенге чейин кабылан үч кишиге кол салганга жетишкен. Алардын бири жергиликтүү аткаминер, экөө журналист экени аныкталды. Жабырлануучуларды ооруканага жеткиришкен.

Жырткыч адистердин кылтагына түшпөй бир нече саат алардын айласын кетирген. Төрт сааттан кийин гана аны кармап, аркан торго түшүрүп, "өх-хх" дешкен.

Маалыматта кабыланды токойдун четине алып барып, эркиндикке кое беришкендиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0