Москва: параддын көркүн ачкан аскер кыздардын видеосу

Жазылуу
Улуу Ата мекендик согуштун 74 жылдыгына арналган Москвадагы Кызыл аянтта өткөн парадга чыккан аскер кыздар көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Маалыматка ылайык, Кызыл аянтта 138 аскерий техника жана 13 миңден ашуун аскер кызматкери салтанаттуу жүрүштөн өттү. Алардын арасынан кара өтүк, аппак юбка, мээлей кийип аскердик формачан бараткан курсант кыздарды кезиктирүүгө болот.

"Россиянын армиясына кошулууну каалаган кыздардын саны жыл сайын өсүп жатат. Трибунадан Аскерий байланыш академиясынын мыкты өкүлдөрү, Аскер университетинин жана Вольск материалдык камсыздоо аскерий институтунун курсанттары, Аскер космостук академиясынын өкүлдөрү жана Аба-космостук коргонуу аскер академиясынын курсанттары өтүп жатат", — деп тааныштырды диктор.

Мындан сырткары, учурда 3000ден ашуун кыз-келиндер Россиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0