Тывалык бала "Ты супер" сынагында өзгөчө үнү менен калыстарды таң калтырды

Жазылуу
"Ты супер!" сынагынын 12 жашар катышуучусу Денберел Ооржак конкурстун биринчи жарым финалында көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп, калыстарды таң калтырды.

Биринчи жарым финалда Тыва Республикасынан келген Денберел Ооржак Николай Носковдун "Паранойя" аттуу чыгармасын аткарган. Баланын өнөрүнө баа берген Игорь Крутой анын фан-клубун жетектөөгө макул болгон. Баланын аткаруусундагы чыгарманын видеосун кыска убакыттын ичинде Youtube каналынан жарым миллионго чукул колдонуучу көргөн.

Денберел Ооржак англис тилиндеги Love Hurts чыгармасы менен калыстар тобун сынактын тандоо турунда да таң калтырган. Аталган ырдын видеосун 1 миллиондон ашык адам көргөн.

Эл аралык "Ты супер! Танцы" шоусун НТВ каналы Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу менен биргеликте уюштурган. Бул сынак Россиянын, КМШнын жана Балтика боюндагы балдардын башын бириктирип, аларга талантын элге тартуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0