Кызыл жалын... Москвада өрттөнгөн учакка кайтып кесиптешин куткарган пилот. Видео

Жазылуу
Интернет айдыңына Шереметьево аэропортуна өрттөнүп конгон SSJ-100 учагынын дагы бир видеосу тарады. Андан учкуч кесиптешин куткаруу үчүн самолетко кирип кеткенин көрүүгө болот.

Кадрдан көрүнүп тургандай, пилот сыртка учактын терезесинен чыккан. Бирок учакка кайра үйлөмө трап менен кирген. Бир нече убактан кийин колуна кесиптешин көтөрүп чыккан.

​Аба кемесинин командири Денис Евдокимовдун атасы Александр Евдокимов уулу бир өлүмдөн калганын РЕН ТВ каналына тастыктады. Анын айтымында, пилот көптөрдүн оюна келбей турган нерсени жасаган.

Ситуация в аэропорту Шереметьево - Sputnik Кыргызстан
Шереметьеводогу кырсык. Экипаж окуянын кандайча болгонун айтып берди
Учурда Денис Евдокимов Москвадагы ооруканалардын биринде дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Атасы адистерден учкучтарды күнөөлөбөөнү суранды.

Окуя 5-майда болгон. Sukhoi Superjet 100 учагы Москвадан Мурманскиге учуп, абага көтөрүлгөндөн кийин 28 мүнөттөн соң Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болгон. Учак аба ырайынын катаалдыгынан улам экинчи жолку аракетинде гана коно алган. Жерге конуп жатканда кыймылдаткычтары иштебей калып, күйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0