Кескин дем алба, туура ыйына көр! Бала кантип төрөлөт. Видео

Жазылуу
Репродуктивдүү ден соолук жана көмөкчү репродуктивдик технологиялар клиникасынын акушер-гинекологу Бела Ибраева "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында төрөттү шарттуу түрдө, муляждын жардамы менен көрсөтүп берди. Ал төрөт учурунда бала кантип жарыкка келерин, кайсы жерде өтө абайлаш керектигин түшүндүрдү.

Баланы тогуз ай көтөрүүдөн сырткары аны жарыкка алып келген учурлар эне үчүн да, ымыркай үчүн да өтө татаал сааттардан. Кыргыздарда "аялдын бир ажалы төрөттөн" деген сөз бар. Албетте, анын бетин ары кылсын. Демек, эзелтеден бери эле ары жоопкерчиликтүү, ары кыйын учур экени белгилүү. Экөөнүн тең өмүрү, ден соолугу кыл учундагы ирмемдер.

Андыктан, эне болор алдында ар бир аял дыкаттык менен даярданып, туура дем алып, туура дем чыгарып, эрежеси менен ыйынуу сыяктуу майда сымал, бирок маанилүү эрежелерди сактоосу зарыл.

Ситуация с мигрантами в Мексике - Sputnik Кыргызстан
Талгактан улам кээде бойдон алдырышат. Гинеколог менен маек
Туура эмес дем тартып алсаңыз, балага зыян келтирип, андан сырткары, өзүңүз да жаракат алып калышыңыз мүмкүн. Курсактагы түйүлдүктү тогуз ай көтөрүп, маалы келгенде аман-эсен төрөп алуунун өзү чоң эмгек. Ошончо убакыт абайлап, саксактап жүргөн мээнетти талаага кетирбей, төрөт учурунда ар бир ирмемде жоопкерчиликтүү болууга аракет кылуу аба менен суудай зарыл.

Андыктан, дарыгердин айткандарын жан кыйналып турса да чыдап аткарууга аракет кылган оң. Ай-күнү жетип калган учурда көбүрөөк эс алып, уйкуну кандырып организмди даярдаш керек. Толгоо бир сааттан бир нече саатка чейин созулган учурлар арбын. Бул үчүн күч керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0