Таэквондочулар фитнес залдын кызматкерлери менен мушташты. Кытайда тартылган видео

Жазылуу
Таэквондочулар менен спорт залдын кызматкерлери ортосунда чыккан мушташ соода борборлорунун биринде болгон. Күбөлөр аны видеого тартып алышкан.

Окуя Шанхай шаарынын түндүгүндө жайгашкан Цзянсу облусунда болгонун Sputnik International агенттиги кытай гезитине таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, таэквондочулар өздөрүнүн спорт мектебин жарнамалаш үчүн соода борборунда ар кандай спорттук ыкмаларды көрсөтүп жатышкан.

Депутат Россияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки кыз тууралуу айтты - Sputnik Кыргызстан
Токмоктогу мушташта бычакталган депутат ким экени аныкталды
Фитнес залдын кызматкерлери менен таэквондочулардын ортосундагы массалык мушташ эмнеден улам чыкканы белгисиз.

Гезиттин жазганына караганда, айрым кардарлар таэквондочуларга "ызы-чуу кылып жатышат" деп нааразы болушкан.

Видеодо көрүнүп тургандай, спортчулар бир топко чейин мушташкан. Ал эми күбөлөр окуяны телефондоруна тартып алышкан. Массалык мушташ эмне болуп аяктаганы да белгисиз. Видеодо көрүнүп тургандай, таэквондочулар сулап жатып калышкан.

Соцтармак колдонуучулары таэквондочулар сотто күнөөсүз экенин далилдеш үчүн жерге жатып алышкан деп болжошууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0