Казакстанда дизель майын жүктөп бараткан сегиз вагон рельстен чыгып кетти. Видео

Жазылуу
Кырсык 5-майга караган түнү саат 01:55тер чамасында Акмоло облусунун Аккөл шаарынын аймагында болгон.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Казакстанда Нур-Султан шаарынан анча алыс эмес жерде сегиз вагон рельстен чыгып кеткен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги маалымдады.

Кырсык 5-майга караган түнү саат 01:55тер чамасында Акмоло облусунун Аккөл шаарынын аймагында болгон.

"Вагондордо дизель майы менен битум бар болчу. Сегиз вагондун бешөө капталга кулап, жыйынтыгында цистерна тешилип, дизель майы жерге төгүлгөн. Дагы эки цистернадан май аккан. Бирок өрт алдын алынган. Курман болгон жана жабыркагандар жок. Кырсык башка поезддердин каттамына тоскоолдук жараткан эмес", — деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, вагондун капталындагы рамасы сынып кеткенден улам алар рельстен чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0