Бишкектеги Билим фестивалында автоинспектор робот бийин бийледи. Видео

Жазылуу
Бишкектин чок ортосунда "Кыргызстандын санарип мууну: IT билим берүү жана билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технология" аталышындагы Билим фестивалы өттү. Иш-чаранын расмий ачылышы Курманжан датканын эстелигинин жанында болду.

Шаардык мэриянын маалымат катчысынын билдиришинче, жаш балдар IT тармагындагы эксперттердин айтканын угуп, китеп, журнал, гүл, прикладдык искусствонун буюмдары коюлган көргөзмөлөргө күбө болушту. Ошондой эле "Сулуу жана желмогуз" спектаклин, 3D тасмаларды жана чыгармачыл топтордун талантын көрүштү.

Атай Омурзаков и его новая группа поразили жюри World's Got Talent. Видео - Sputnik Кыргызстан
Атай Өмүрзаков эл аралык сынакта дагы бир жолу элдин оозун ачырды. Видео
Фестивалдын аянтчасы Эмен багы паркы, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору, Баялинов атындагы республикалык китепкана жана Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театры болду.

Иш-чарага ИИМдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Алар жол кыймылынын эрежелери (ЖКЭ) шаарчасын орноткон. Эң кызыгы, Чүй облустук ЖКККБнын кызматкери Бактыгул Жээнбеков формасы менен жолду көзөмөлдөгөн кыймылын роботтун бийи аркылуу жеткирип берди.

ЖКККБнын маалымат катчысы Тилек Оторовдун айтымында, бий балдарга абдан жагып, узатылган суроолорго берилүү менен жооп беришкен, ошондой эле ЖКЭ шаарчасында ойношкон. Оторов белгилегендей, мындай иш-чаралар балдардын жолдогу коопсуздугун бекемдөө үчүн өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0