Бишкекте Соцфонддун кызматкери пара менен кармалды. Видео

Жазылуу
Бишкекте Соцфонддун Свердлов району боюнча башкы башкармалыгынын ага адиси кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Залдагылар ыйлап... Жогорку соттун Текебаев менен Чотоновго өкүм чыгарган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Залдагылар ыйлап... Жогорку соттун Текебаев менен Чотоновго өкүм чыгарган видеосу
Шектүү кармалган учурда анын жанынан белги коюлган 12 миң сом табылган.

Маалыматка караганда, арыз жазган киши 2016-жылы бизнесин сатып, өлкөнүн тышына чыгып кеткен. Бирок 2018-жылдын ноябрь айында салык декларациясын толтуруу учурунда жеке ишкер катары каттоодо турганы аныкталып, аны жабуу зарыл болгон.

Мындан улам ал салык органдары жана Социалдык фондго арыз менен кайрылып, тийиштүү айып пулду төлөгөн.

"Бирок Соцфонддун кызматкери жеке ишкердин карыздарын оң жакка чечип берүү үчүн акча талап кылган", — дешти УКМКдан.

Материалдар Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси ("Акча талап кылуу") менен каттоого алынды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0