Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу видеодо

Жазылуу
Коңшу Өзбекстандын президенти аткаминерлердин тойго баруусуна тыюу салган. Ал эми Кыргызстандын депутаттары бир айда канча тойго барат деп ойлойсуз? Бул тууралуу өзүлөрүнөн сурап көрөлү.

Бир тууган Матраимовдордун иш-чарасына жабыла барган аткаминерлер элдин талоонунда калды. Анын эртеси парламентте 20-30дай гана депутаттын отурганы дагы талкууга жем таштады. "Тойдун эртесиби? Булар тойдон бошобойт" деген сын сөздөр жаңырууда.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы депутаттарга: "Бир айда канча тойго барасыз? Акыркы жолу тойго качан бардыңыз?" - деген суроо узатты.

Анда маалым болгондой, 1-май күнү депутаттар үч кесиптешинин мааракесине барууга жетишиптир. Биринчиси — Искендер Матраимовдун атасынын жаркын элесине арналган Кара-Суу районундагы спорттук иш-чара. Экинчиси — Төрөбөй Зулпукаровдун Ноокат районундагы күрөш боюнча мелдеши. Үчүнчүсү — Сагындык Келдибаевдин Өзгөн районунда өткөргөн тою.

Сурамжылоого катышкан 12 депутаттын көпчүлүгү айына 2-3 жолу гана тойго бара турганын айтты. Күздө анын саны өсүп кетерин да жашырышкан жок. Ал эми акыркы ирет бир күн, бир жума мурда кесиптешинин, кудасынын тоюна барганын билдиришти. Айрымдары тойго чанда гана барарын айтат.

Кыргызстанда тойлорго чектөө киргизүү маселеси маал-маалы менен көтөрүлүп турат. Бирок алгылыктуу кадамдар жасалып, иш жүзүнө ашкан эмес. Былтыр Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тойлорун жаңы үлгүдө өткөрүү боюнча сценарийге конкурс жарыялаган. Бирок андан да майнап чыкпаптыр. Министрликтен ылайыктуу сценарий келип түшпөгөнүн билдиришти. Бул боюнча депутаттар дагы мыйзам долбоорун даярдап, бирок парламенттен колдоо таппай калган.

Сындагандын баары фейк, өкүнбөйм. Кара-Сууга барган депутаттардын пикири видеодо - Sputnik Кыргызстан
Сындагандын баары фейк, өкүнбөйм. Кара-Сууга барган депутаттардын пикири видеодо
Коңшу Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев аткаминерлердин тойго барышына тыюу салып, "көрсөм түрмөгө камайм" деп коркуткан. Ал эми парламенти жалпы тойлорго чектөө киргизүү мыйзамын кабыл алууга белсенген. Кийинчерээк кайра элге түшүндүрүү жана үлгү көрсөтүү менен чектөөгө токтолушту.

Ал эми Тажикстанда "Той, салтанаттарды иретке келтирүү" боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде тойлор дем алыш күндөрү 8.00дөн 22.00гө чейин, иш күндөрү 18.00дөн 22.00гө чейин өткөрүлүшү керек. Үлпөт тойдун узактыгы үч сааттан ашпашы зарыл. Былтыр күздө иш күнү экенине карабай күндүз той берген киши айыпка жыгылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0