21:41 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
© Sputnik / Эмиль Садыров

Алтын-Ордо жана Кара-Жыгач жаңы конуштарынын тургундарына шаардык кызматтар жаңы эс алуу жайын курууда. Бул тууралуу "Бишкекжашылчарба" ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева билдирди.

Анын айтымында, сквер Анкара жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жатат.

"Эс алуу жайы этностилде болмокчу. Усталарыбыз табигый жыгачтан бир нече инсталляцияларды — комуз, тегирмен, селкинчек, өзгөчө отургучтар жана көпүрөлөрдү даярдашууда", — деди Айдаралиева.

Ал ошондой эле сейил бактын көркүн чыгара турган дагы бир конструкция даярдалып жатканын, бирок ал азырынча сыр бойдон калаарын кошумчалады.

Аталган долбоор "Бишкекжашылчарба" ишканасынын кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан. Бирок курулуш иштерине "Тазалык" жана "Бишкексвет" ишканалары көмөк көрсөтүүдө.

Тема боюнча

Бишкектеги эки жаңы конушта жаңы сквер пайда болмокчу. Эскиз
Бишкектеги 12-кичирайон жаңы скверлүү болду. Сүрөт
Белгилер:
видео, сквер, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ