80 жыл илгери Бишкек кандай эле? Сейрек видео

Жазылуу
Бүгүн сүйүктүү борбор шаарыбыздын түптөлгөндүгүнө 141 жыл толду. Sputnik Кыргызстан мындан 80 жыл мурда тартылган Бишкек шаарынын видеосун сунуштайт.

1939-жылы баш калаа Фрунзе деп аталып, анда 50 миңге чукул адам жашаган.

Фотовыставка Национальные головные уборы на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Баш кийимдердин ажайып сүрөттөрү "Ала-Тоо" аянтын көрккө бөлөдү
Азыркы Эркиндик (ага чейин Дзержинский) бульвары Бульвар көчөсү деп аталган экен.

Темир жол вокзалынын айланасы тосулбаптыр, ал эми бак-дарактар азыркыдан алда канча жапыз болгонун байкадык.

Видеодон азыркы Эркиндик проспектисиндеги эски үйлөрдүн бирин да көрүүгө болот. 80 жыл өтсө деле ошол бойдон экен.

Азыркы эски аянттын маңдайындагы сквердеги Маркс менен Энгельстин ордунда Совет мамлекетинин бир кездеги жетекчиси Иосиф Сталиндин эстелиги турган. Ал эми ошол жердеги аянтта окуучулар аэроийримден алган тажрыйбаларын сыначу экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0