23:29 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Видео

Айсулуу Тыныбековага алтын алып келген беттештин толук видеосу

Кыскача шилтеме алуу
199310

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында мелдеш бүтөрүнө 10 секунд калганда атаандашын утуп калды.

Көп өтпөй мелдештин видеосу жарыяланды.

62 килограмм салмак ченинде таймашкан Тыныбекова финалда япониялык Юкако Кавайини жеңди.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен Азиянын үч жолку чемпиону аталды. Ал 2016-жылы Бангкокто жана 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган болчу. Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада бешинчи орунду алган. Ошондой эле Азия оюндары жана Ислам тилектештиги оюндарында чемпиондукту багындырган. 2017-жылы Дүйнө чемпионатынан коло алган. Мындан сырткары, күмүш, коло медалдарды бир нече ирет уткан. КРдин эмгек сиңирген спортчусу, "Даңк" медалынын ээси.

Тема боюнча

Айсулуу Тыныбекова алтын утуп, үчүнчү ирет Азия чемпиону болду
Белгилер:
видео, финал, мелдеш, Айсулуу Тыныбекова, Кытай

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ