13:13 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Видео

Баткенде өлгөн аскер 1000 сомго бааланганда. Уулунан айрылган энелердин видеосу

Кыскача шилтеме алуу
186110
© Sputnik / Эмиль Садыров

Быйыл Баткен окуясына 20 жыл толду. Ал согушта каза болгон 20 жаштагы жигит азыр 40ка чыгып, очор-бачар болуп отурмак...

"Кашайган согуш чыгып кетпедиби... Аскерден кайтарына 5-6 ай эле калган. Баткенден өзү эмес, сөөгү келди. 20 жаш  деген эмне курак, эч нерсени көрбөй кетти..." деп каңырыгы түтөп сөзүн баштады Дүйшөбүбү Боталиева.

Бул эне Нарын шаарында жашайт. Баласы Мукамбет уулу Улан 1999-жылы Баткенде террорчулар менен кармашта кайтыш болгон.

"Баламдын сөөгүн 20-октябрда алып келишти, эртеси эле жерге бердик. 20 жашта болчу. Аскердик кызматын Токмок шаарындагы №52806 аскер бөлүгүнүн атайын даярдыктагы "Скорпион" отрядында улантып жаткан. Кашайган согуш чыгып кетпедиби. Аскерден келерине 5-6 айга чукул эле убакыт калган", — деди жоокердин энеси Боталиева.

Погибший при Баткенских событиях солдат Мукамбет уулу Улан
© Фото / из архива Дуйшобубу Боталиевой
20 жаштагы Мукамбет уулу Улан Баткенде 1999-жылы ноябрь айында курман болгон

Ал учурда 1000 сом өлчөмүндөгү компенсация аларын, өзү II топтогу майып экендигин айтты.

Компенсациясынын көлөмүн Нарын шаардык жана облустук район аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Абылова тастыктады.

"Баткенде каза болгондордун жакындарына каражат "Курман болгон аскер кызматчысынын үй-бүлөсү" деп аталган категориядагы жеңилдик менен каралат. Аларга акча каражатын төлөп берүү боюнча атайын ченемдик укуктук актылар жок. 1000 сом акчалай компенсация республикалык бюджеттен карала турган акча. Бизде ал жарандар каттоодо турат. Бул жерден Социалдык өнүктүрүү министрлигине ай сайын маалымат беребиз, алар Финансы министрлигине арыз тапшырат, анан бөлүнгөн каражат бизге келип түшөт. Ал акчаны компенсация ала тургандарга каалаган жерине — почтага, банктагы карточкасына которуп беребиз", — деп айтып берди Абылова.

"18 жашында сөөгүн тосуп алып, уулумду жерге бердим"

Таластын Манас районунда да уулун Баткен согушуна алдырып жиберген бир эне жашайт. Чырактай болгон баласынан ажыраган аялдын трагедиясын мамлекет айына төлөнгөн 1000 сом менен компенсациялап келет.

Ал - Манас районундагы Чоң-Капка айылынын тургуну Анаркан Шайдылдаева, II топтогу майып.

Курманбек уулу Максат (Максат Курманбеков) аскердик милдетин аткаруу үчүн кетип, андан кийин Баткенге которулуп, ал жактан Таласка сөөгү келген.

"Уулум 18 жашында каза болду, жерге өзүнүн туулган күнүндө — 14-августта берилди. Аскерге кеткенине жарым эле жыл толгон. Үйлөнүп, бала-чакалуу болгонго жетишкен жок. Эмнесин айтайын, эми бир оокат өтө берет экен, өзүм II топтогу майыпмын", — деди Шайдылдаева.

Туздагы эне. Кенжеси Баткенде, калган уулдары жай жашоодо каза тапкан

Мать погибшего солдата при Баткенских событиях Умут Осмонова
© Sputnik / Нургуль Максутова
82 жаштагы Үмүт Осмонованын Баткенде 2000-жылы каза болгон уулу Турат Осмоновдун бейитинде турган учуру

Биз сапар тартып барган дагы бир эне Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Туз айылынын тургуну Үмүт Осмонова болду. Уулу Турат Осмонов Кой-Таш айылындагы № 73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, Баткенге ошол жерден 2000-жылы 17-февралда кеткен. Энесинин колуна кенже баласынын сөөгүн туптуура алты айдан кийин, дал 17синде колуна алып келип беришкен. Биз менен сүйлөшүп отурган Үмүт апа баласынын артында туяк калбаганын айтып үшкүрдү. Биздин каарман учурда 82 жашта. Уулу 32 жашында курман болуптур. Тагдырды карасаңыз, Турат Осмоновдон кийин бир нече жыл өтүп-өтпөй жай турмушта жашаган үч уулун, бир келинин кезеги менен жерге бериптир. Ошентип Үмүт эне эркек балдарынын баарынан айрылган.

Уулун Баткендеги согушка алдырган бул эне да айына 1000 сом алат.

Мать погибшего солдата при Баткенских событиях Умут Осмонова
© Sputnik / Нургуль Максутова
Үмүт эненин кенже уулу Турат Баткен согушунда курман болгондон кийин аны кайгы катарлап баскан. Башка эркек балдары да ар кыл себептерден улам көз жумган. Байбиче учурда Ысык-Ата районундагы Туз айылында жашайт

Муну райондук тиешелүү тараптар тастыктады.

"Осмонова 2001-жылдан тарта каттоодо турат. 2010-жылдан баштап 1000 сом алат. Ага чейин коммуналдык кызматтарга, электр жарыгы жана башкага 50 пайыз жеңилдик каралчу. Азыр компенсация чектелген", — деди Ысык-Ата райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Жибек Казиева.

Бишкек шаарында жашаган, уулун эстегенде азыр да өксөп ыйлап жиберген дагы бир энеге жолуктук.

Оля Арджиманованын тун уулу Рустам Арджимановдун Баткенде террорчулардын колунан курман болгонуна 19 жыл болуптур.

"Рустам (Арджиманов — ред.) Баткенге кетип, 26 жашында курман болду, өз колубуз менен ардактап көмө албадык. Августта каза тапса, сөөгүн ноябрда издешти. Денесин, эч нерсенин изин таба алышкан жок. Кар эригенде улантабыз дешти, бирок кайдан? Мындай трагедияны эч кимге каалабайм", — деди туталана ыйлаган Ольга Степановна.

Мать погибшего солдата при Баткенских событиях Оля Арджиманова
© Sputnik / Нургуль Максутова
Бишкек шаарынын тургуну Оля Арджиманова уулу Рустам Арджимановдун 2000-жылы Баткенде террорчулардын колунан курман болгондугун жана сөөгү табылбай калганын айтып отурду

Ал уулунун курман болгонун республикалык гезиттердин биринен, 4 күндөн кийин окуп-билген. Тааныштары каза болгон жоокерлердин тизмеси жарыяланган гезитти көтөрүп келген. Суук кабарды майышып көтөрүп тура албаса да жүрөгү оорулуу күйөөсүн аяп, уулунун өлгөнүн угузбай турууну чечкени менен "угарман Маамыттар" айтып коюуга жетишиптир.

Күйөөсү уулунун күйүтүнөн туптуура 3 айдан соң, дал ошол каргашалуу 2000-жылы көз жумган экен. Ал күндөрү экинчи уулу Артур аскерлер менен кошо агасынын сөөгүн издеп Баткендин тоолорунда жүргөн.

Аскерий системада тик учактын пилоту болуп иштеген экинчи уулу Артур ошол согуш жылдары Баткенге учуп барып-келип, бир тууганы менен кээде көрүшүп турган. Бир тууганын ошол жерде жүрүп жоготуп алганын айтып көп кейигенин апасы бизге айтып берип отурду. Кийин капитан Артур Арджиманов жай турмушта каза тапкан.

"Мындай адамдарды татыктуу бир колдоого алыш керек го. Биздин саныбыз анча деле көп эмес. Андан сырткары, бул балдар Кыргызстан, мамлекет үчүн жанын берди го. Кантип ушуну жогору жактагылар түшүнбөйт. Жаш муун алардын эмне үчүн жапжаш кезинде жайрап калганын, кимди коргогонун билиши лаазым. Ушунун мисалында балдарды тарбиялоо керек. Алар жөн эле жанын берген жок да. Патриоттук иштерди жасоо керек. Туугандарын колдоо зарыл", — деди Арджиманова.

Балдарынан ажыраган энелердин тагдыры ушундай...

Баткен жоокер-ардагерлеринин коомдук бирикмесинин төрагасы Канат Бакалов Баткен согушунда багар-көрөр адамынан айрылгандардын, анын ичинен биринчи кезекте энелерге берилген 1000 сомдук компенсациянын жана жарадар болгондордун алган акчасынын көлөмүн өкмөт көбөйтүп берсе деген тилекте.

"Биздин учурдагы кадамдарыбыздын маанилүүсү ушул болуп турат. Мындан бир нече жыл мурда аталган маселе боюнча Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылганда Финансы министрлиги макул болбой койгон", — деди Бакалов.

Финансы министри болуп турган Адылбек Касмалиев 2017-жылы май айында ЖКда баш тартуунун башкы себеби бюджетте кошумча каржы булагы жок экенин айтып, буга 39 миллион сом каражат талап кылынарын кошумчалаган.

Демилге экинчи ирет 2017-жылы май айында ЖКда каралган.

Муну алар "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору аркылуу ишке ашырууга ниеттенген. Бирок жыйынтык болгон жок.

Финансы министрлиги эмнеге баш тартты?..

Азыр Кыргызстанда тиричилик минимуму бир айга 4654 сом 77 тыйынды түзөт. Бул - бир айда тамак-ашыңа, дары-дармегиңе, жол киреңе жана дагы башка керектөөңө ушул акчаны жеткиресиң деген сөз...

Эскерте кетчү нерсе, жыл сайын Баткен согушунун каза болгон катышуучуларынын үй-бүлөсүнө Коргоо министрлигинен жана жергиликтүү бийлик тарабынан бир ирет акчалай жардам берилет. Бул материалда сөз өкмөт тарабынан берилүүчү ай сайын компенсациянын көлөмү туурасында болууда.

Айтмакчы, биз менен сүйлөшкөн энелердин кээ бирлери пенсиясына Социалдык фондудан 300 сом кошуларын айтышты...

Өкмөт 2018-жылы 26-октябрды Баткен согушунда курман болгондорду эскерүү күнү деп бекиткен.

Ал "1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү күнү" деп аталат.

Эске салсак, Баткен согушунда 1999-2000-жылы жалпысынан 78 адам көз жумган. Ал эми Кыргызстандагы бардык күч түзүмдөрүнөн 5861 адам катышкан. 

Согушка катышкандардын 100гө чукулу ар кыл жаракат алып, кээ бирлери колунан, көзүнөн ажырап, майыптыкка чыккан.

Баса, Баткен жоокер-ардагерлеринин коомдук бирикмесинен Жогорку Кеңешке багар-көрөрүн Баткенде согушунда жоготкондордун жана жаракат алгандардын компенсациясынын көлөмүн көбөйтүү маселесин  карап берүү боюнча кайрадан кат жөнөтүп жаткандыктарын айтышты. 

P.S. Бага турган уулунан айрылып, согушка жиберип коюп соксоюп отуруп калган энелер ушул 1000 сомго татыктуубу? Буга бийлик, өкмөт кантип карап, кандайча мамиле жасап жатат? Финансы министрлиги кезегинде Баткен согушуна катышкандарга компенсация катары каралуучу акчаны көбөйтүп бере албайбыз деп кантип моюн толгоду экен? Биз кеп кылган энелердин бири Үмүт апа азыр Туз айылында жалгыз турат. "Баткенчилер" талап кылган акча миллиарддаган сомду деле чапчыбастыгын жогоруда айтып өттүк.

Тема боюнча

Болотбеков: Баткен согушунун айрым ардагерлери көчөдө күн кечиришет
Бакалов: Баткен согушунда 54 жоокер каза болгон
Байбагышев: командир көз алдында өлгөн жоокерин унута албай акылдан тайды
Белгилер:
террорчулук, Баткен окуясы, Канат Бакалов, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ