"Мындан кийин сөгүнбөйт". Абылгазиев Мамкаттоонун жетекчиси тууралуу. Видео

Жазылуу
Мухаммедкалый Абылгазиев Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарында санариптештирүү боюнча абдан жакшы иштерди жасаганын айтып, аны менеджер катары Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи кылганын билдирди.

Депутат Исхак Масалиев Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына келген жетекчи Алмаз Мамбетов интернетте бирөөлөрдү сөгүп, зыян келтирем деп жүргөнүн айтып, андыктан мындай кишинин жетекчи болуп дайындалышы кызык деп кине койду.

Өз кезегинде Абылгазиев Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда санариптештирүү боюнча абдан жакшы иштерди жасаганын айтты.

"Тактап айтканда, элге мамлекеттик кызматты жеткирүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарды. Биз азыр көрүп жатабыз, энергетика тармагына энергетикти койсо, ал өнүкпөй жатат, айыл чарбасына агрономду койсо, ал жак оңолбой жатат. Андыктан менеджерди алып келели деп ушул коллегабызга токтолдук", — деди премьер.

Өкмөт башчы интернетте тараган билдирүүлөр боюнча кабары бар экенин, мындан кийин андай болбойт деген ишенимде экенин айтты.

"Сүйлөшкөндө дагы жанагындай сөздөрдү азыраак колдон дедим", — деди ал.

Төрага Дастан Жумабеков "андай сөздөрдү такыр колдонбосун" деген кеңешин берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0