Көздөрү "кайгыга баткан" куурчактардын видеосу тарады

Жазылуу
Новосибирскидеги куурчак жасаган сүрөтчү Марика Шмидт көздөрү кайгылуу оюнчуктарды жасайт. Анын айтымында, ар бир чебердин өзүнүн стили жана образы болушу керек.

Мариканын оюнчуктары балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн эмес, боору таш адамдардын жүрөгүн жибитүү максатында жасалгандай. Бирок мастер куурчактардын көзүндө кайгы-муң эмес, ойго чөмүлгөн образ камтылганын айтууда.

Мындай оюнчуктар АКШ, Австралия, Улуу Британия, Германия жана Кытайда сатылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0