20:48 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Видео

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунан видео

Кыскача шилтеме алуу
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (105)
1649 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Жыйын учурунда мамлекеттик айыптоочу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонодун иши 18 томдон тургандыктан аны менен жакшылап таанышып чыгуу үчүн убакыт керектигин айтып, ишти кароону башка күнгө жылдырууну суранган.

Бирок Текебаевдин жактоочулары прокуратуранын келтирген жүйөлөрү менен макул эместигин, ишти кароону улантуу зарылдыгын билдиришти. Алар мамлекеттик айыптоочулар ишти атайылап создуктуруп жатканын белгилешти.

Сот коллегиясы жеринен кеңешип, Текебаевдин ишин кароону 3-майда саат 10:00дө улантуу чечимин кабыл алышты.

Андан сырткары, бүгүн, 23-апрелде, Жогорку соттун имаратынын алдына Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары митингге чыгып, аларды боштондукка чыгарууну талап кылышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Соңку өкүмдү Жогорку сот чыгарган. Бирок кийин Текебаевдин жактоочулары жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко кайрылып, ишти кайра кароону өтүнгөн.

Тема:
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (105)

Тема боюнча

Өмүрбек Текебаевдин соту 3-майга жылды
Белгилер:
видео, Жогорку сот, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ