Мотоциклчи 15 метр бийиктиктен кулаганын өзү видеого тартып алган

Жазылуу
Британиялык ышкыбоз анын катасын кайталабоого чакырат.

Британиялык мотоциклчи Адриан Оуэн тоодо баратып, жардан кулап кеткен. Кырсыктын видеосун ал Facebook баракчасына жарыялады.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айдоочу кыз унаасы менен Бишкектеги көпүрөдөн кулап кетти. Видео
Кадрларда Оуэндин башка мотоциклчендер менен тоо-ташта бара жатып, бир нече трюктарды аткарганы көрүнүп турат. Бир маалда унаасын башкара албай калып, жардан кулайт.

Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, кырсыктан Оуэндин билеги, жаагы сынып, тизеси жабыркаган. Мындан тышкары, дарыгерлер анын кыр аркасы да сынганын болжолдошууда.

Видеого жазган комментарийинде Оуэн тирүү калышы чоң бакыт экенин белгилеп, ага окшоп тоо-ташта жүргөндө этият болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0