Ырчы Димаштын ак куулар тууралуу ырына тартылган клип жарык көрдү

Жазылуу
Казакстандык ырчынын клиби YouTube каналына жарыяланып, жүз миңден ашык жолу көрүлдү.

Димаш Кудайбергендин аткаруусундагы "Любовь уставших лебедей" ырынын сөзүн Михаил Гуцериев жазса, музыкасы композитор Игорь Крутойго таандык.

Клипти украиналык режиссер Алан Бадоев тарткан. Анын айтымында, клипте уламыш боюнча жубу менен гана уча алган канаттуу периштелер тууралуу баяндалат. Тартуу иштери Испанияда жана Украинада жүрүп, 70тен ашык киши иштеген.

Бул чыгарманы Димаш былтыр ноябрь айында Кремлде ырдаган болчу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Приятного просмотра.Клип про ангелов о любви.Берегите любовь.

Публикация от Димаш ҚҰДАЙБЕРГЕН (@kudaibergenov.dimash)

Ырдын клиби даяр болгонун Димаш Instagram баракчасына да жарыялап, күйөрмандарына көңүлдүү маанай каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0