Үч эм күтүп, бирок экини төрөгөн эне: акушер толгоомду токтотуп койгон. Видеобаян

Жазылуу
Жаш жубайлар эгиз кыздарга Аяна, Баяна деген ысым ыйгара тургандыгын айтышты.

Үч эм күтүп, бирок төрөт үйүндө эгиз кыздарды жарыкка алып келген Гүлзина Абдимажитова аталган ооруканадагы дарыгерлердин айрым аракеттеринен шектенип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Абдимажитова 9-апрель күнү көз жарган. Эгиз кыздуу болгон келин беш ирет түшкөн УЗИ аппараты түйүлдүктөр үч эм экенин көрсөткөнүн айтып, дарыгерлерге нааразы болууда. Жолдошу Ынтымак Базарбай уулу укук коргоо органдарына арыз жазса, Саламаттык сактоо министрлиги окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөнүн кабарлаган.

Абдимажитованын айтымында, ал төрөт үйүнүн патология бөлүмүнө 2-апрелде түшкөн. Ал эми 8-апрель күнү толгото баштаган. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваҮч эм күтүп, бирок төрөт үйүндө эгиз кыздарды жарыкка алып келген Гүлзина Абдимажитова
Үч эм күтүп, бирок экини төрөгөн эне: акушер толгоомду токтотуп койгон. Видеобаян - Sputnik Кыргызстан
Үч эм күтүп, бирок төрөт үйүндө эгиз кыздарды жарыкка алып келген Гүлзина Абдимажитова

"Гүлнара аттуу гинеколог-акушерге толгоом катуу келип жаткандыгын билдирдим. Ал мага толгоону токтотуучу дары берип, ичишим керектигин айтты. Себебин сурасам, "түйүлдүккө 36 жума боло элек, 1-2 күн калды, толук 36 жума толсун" деп жооп берди. Мен анын айтканын аткарып, берген дарыны ичтим. Ошентип толгоом токтоп калды. Мындан сырткары, ошол эле төрөт үйүндө аппарат аркылуу дарыгер ичимдеги түйүлдүк үчөө экенин айтып, жүрөктөрүнүн согушун мага угузган. Үч жүрөк согуп жаткандыгын да айткан болчу", — деди Абдимажитова.

Ал эми келиндин кайненеси 48 жаштагы Динара Мамытова да дарыгерлердин айрым аракеттеринен шексинип жаткандыгына токтолду. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКелиндин кайненеси 48 жаштагы Динара Мамытова
Үч эм күтүп, бирок экини төрөгөн эне: акушер толгоомду токтотуп койгон. Видеобаян - Sputnik Кыргызстан
Келиндин кайненеси 48 жаштагы Динара Мамытова

"9-апрель күнү түш ченде Гүлзинаны операция жолу менен төрөтө тургандыктарын айтышкан. Бирок кандайдыр бир белгисиз себептер менен операция айтылган убакытта жасалган жок. Мен үйгө кеттим. 9-апрелде түнкү саат 12:00дөр чамасында мага ооруканадан чалып, азыр операция жасала турганын билдиришти. Уулум Ынтымак аскер адамы болгондуктан ал жумушунда болчу. Кичүү уулумду алып, ооруканага бардык. Операция жасалуучу бөлмөгө киргизген жок. Коридордо күтүп турганбыз. Бир кезде дарыгер аял чыгып, эгиз кыздар төрөлгөндүгүн айтты", — деди ал.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрөт учурунда башы оюлуп калган ымыркай ооруканадан чыкты. Абалы кандай?
Эгиз неберелүү болгондугун сүйүнчүлөгөн дарыгер аял чоң энеге ымыркайларды ороочу үч орогуч "синтетикадан жасалган жана кытайдыкы" экендигин эскертип, жакын жердеги дүкөндөн сапаттуу, пахтадан тигилген орогуч алып келүүнү буюрган.

"Алдастап чуркап, оорукананын короосунда жайгашкан дүкөндөн эки даана орогуч сатып келип, дарыгер аялга бердим. Ал орогучту алып операция бөлмөсүнө кирип кетти. Ошол мезгилде мага эч кандай жаман ой келбептир. Азыр эсимди жыйып жакшылап ойлонсом, күндүз чак түшкө белгиленген операция эмне үчүн түнгө жылдырылды, эмне үчүн менин атайын сатып келген ороочуларымды жаратпай, башкасын сатып келүү үчүн сыртка жиберип ийишти? Же атайын эле үчүнчү баланы жашыруунун аракетин көрүп мени болбогон шылтоо менен чыгарып жибериштиби деп санаам санга бөлүнүп отурам", — деди чоң эне.

Ал эми эгиз кыздардын атасы Ынтымак Базарбай уулу укук коргоо органдарына арыз жазып, ишти териштире баштаганда ага аты-жөнү белгисиз бир дарыгер телефон аркылуу "эки кыздуу болдуң, ыраазы болбойсуңбу, жок болсо эмне кылмак элең" деген таризде кекетип чалганын айтат. 

© Фото / Зульфия ТургуноваЭгиз кыздардын атасы Ынтымак Базарбай уулу
Үч эм күтүп, бирок экини төрөгөн эне: акушер толгоомду токтотуп койгон. Видеобаян - Sputnik Кыргызстан
Эгиз кыздардын атасы Ынтымак Базарбай уулу

Жаңы жагдайлардан улам Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаевага кайрадан кайрылууга туура келди.

Ал Гүлзина Абдимажитованын "толгоомду токтотуу үчүн дары беришти" деген пикирине жооп катары "дары эмес, дексаметазон сайылгандыгын" айтты.

"Бала төрөлөөр алдында анын өпкөсү толук ачылсын деген максатта дексаметазон сайылган. Гүлзина аны толгоону токтотуучу дармек деп туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн. Ал эми операция эненин толгоосу түн киргенде башталгандыгына байланыштуу тез арада жасалган", — деп жооп берди.

Ал эми түйүлдүктөрдүн жүрөгүнүн согушуна токтолуп, "аны эне эмес, дарыгер гана уга алат, себеби аппарат дарыгер гана укканга ыңгайлаштырылган, эне калп айтып жатат" деди.

Башкы дарыгер ымыркайлардын чоң энесин орогуч үчүн сыртка жиберип койгон дарыгердин аракети оорукананын эрежелерине туура келер-келбестиги боюнча мындай деди: 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева
Үч эм күтүп, бирок экини төрөгөн эне: акушер толгоомду токтотуп койгон. Видеобаян - Sputnik Кыргызстан
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева

"Бала үчүн ким эмне сатып келсе, ошону кийгизебиз. Тигиндей кийим сатып кел, муну алып кел дегенге акыбыз жок", — деди Кенжебаева.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери УЗИ аппараты "бул ирет чындап жаңылды" деген пикирде. Анын ою бонча Москва, Ош, Жалал-Абад шаарындагы УЗИ аппараттары бирдей эле кызматты аткарат. 

© Фото / Зульфия ТургуноваУЗИнин жыйынтыгы
Үч эм күтүп, бирок экини төрөгөн эне: акушер толгоомду токтотуп койгон. Видеобаян - Sputnik Кыргызстан
УЗИнин жыйынтыгы

"Зеркальное отражение" деген түшүнүк бар. Бир түйүлдүк чагылышып экөө болуп же эгиз түйүлдүк үчөө болуп көрүнүшү мүмкүн. Биздин төрөт үйүндөгү УЗИ кызматкер Гүлзина Абдимажитованын буга чейинки төрт ирет УЗИ аркылуу текшерилип, корутундусунда үч эм деп жазылган маалымдамага таянып, ал да үч эм деген корутунду жазып берип койгон. Учурда аталган аппарат боюнча атайын адистер тартылып, УЗИнин эмне үчүн жаңылыш көрсөткөндүгү иликтенип жатат. Бул окуяны бизге карата "шантаж" же болбосо куру доомат деп кабыл алдым. Ким келип текшербесин, биз күнөөбүз жок экендигин далилдеп бере алабыз", — деди Кенжебаева.

© Фото / Зульфия ТургуноваУЗИнин жыйынтыгы
Үч эм күтүп, бирок экини төрөгөн эне: акушер толгоомду токтотуп койгон. Видеобаян - Sputnik Кыргызстан
УЗИнин жыйынтыгы

Ал төрөт үйүнүн операция жасалуучу бөлмөсүнүн чыга беришинде видеокөзөмөл бар экендигине токтолду.

"Баланы уурдоону адам сатууга тете деп билем. Бул өтө оор кылмыш. Анын жазасы кандай экенин дарыгерлер да жакшы билебиз. Мындай кадамга эч качан барган эмеспиз, барбайбыз дагы", — деди ал.

Үч эм чырын учурда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн атайын комиссия териштирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0