Төө-Ашуудагы тоннелде чыккан түтүндөн араң чыктык. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Окуя кечээ, 17-апрелде, Төө-Ашуудагы тоннелде болгон.

Тоннелдин оозунан коюу түтүн чыгып жана анын алдында жүргүнчүлөрдүн бир нече автоунаалары токтоп турганы видеого түшүп калган.

Окуя YouTube каналына жана Facebook тармагына жарыяланган.

Окуяга күбө болгон жүргүнчү анын кыскача чоо-жайын да айтып берген.

"Биз ичине жаңы киргенде түтөп кетип, 20 мүнөттө эптеп жатып чыктык. Туннелдин эки жагынан машиналарды киргизе берип, пробка болуп кеткен. Эл отравление болуп, жөтөлүп жатышат. Ичинде жөө келе жаткандар да көп", — деп комментарий берип жатат окуянын күбөсү.

ӨКМдин маалымат кызматынан 17-апрелде тоннелдин ичинде жүк ташуучу автоунаа бузулуп калганын жана ал жакка куткаруучулар чакырылбагандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0